Биз социалдык тармакта

Ормон-Хан айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды

Нарындын Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр анын жетекчилиги алдында мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдар бузулуп, мамлекеттик бюджетке 5 миллион 699 миң сом зыян келтирилген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликтен аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан