Бүгүн, 2‑апрелде “Жаштык” дирекциясынын спорт базасында Кыргыз Республикасынын Универсиадасынын алкагында самбо боюнча жогорку лига мелдештери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке 10 жогорку окуу жайынан 70 студент катышты.
Жалпы командалык эсепте 1‑орунду Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери, 2‑орунду Ош мамлекеттик университети, 3‑орунду Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери ээледи.
Мелдештер студенттердин спорттук чеберчилигин көрсөтүп, Универсиаданын алкагында күч сынашууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.