Бишкек шаардык мэриясында бир катар кадрдык өзгөрүүлөр орун алганы белгилүү болду.
Илияс Колопов мэриянын аппарат жетекчиси кызматынан бошотулуп, Бишкек мэриясынын борбордук аппаратындагы тармактык саясат башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Ал мурда да ушул кызматты аркалаган.
Ал эми мэриянын аппарат жетекчиси болуп Руслан Сапарбеков дайындалды. Сапарбеков буга чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматын ээлеп келген.
Абдес Анарбеков уюштуруу-көзөмөлдөө иштери башкармалыгынын башчысы болду. Буга чейин ал “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп иштеген.
Мэриянын борбордук аппаратындагы шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Тимур Рыспаев ротация тартибинде Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы болуп Давлетбек Түгөлбаев дайындалып, ал буга чейин жеке компанияда жетекчилик кызматты аркалап келген.
Бакытберди Бекбоев өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын директору болуп Адлет Казакбаев дайындалды. Ал буга чейин “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясында оңдоо-өндүрүш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.