
6-12-апрель күндөрү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Аталган ири мелдеш Азия чөлкөмүнүн күчтүү балбандарын бириктирип, “Жаштык Арена” спорттук комплексинде уюштурулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, мелдештер грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча өтөт.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда:
55 килограммга чейин - Улан Муратбек уулу;
60 килограммга чейин - Курманбек Жапаров;
63 килограммга чейин - Автандил Таалайбек уулу;
67 килограммга чейин - Раззак Бейшекеев;
72 килограммга чейин - Амантур Исмаилов;
77 килограммга чейин - Акжол Махмудов;
82 килограммга чейин - Ырыскелди Максатбек уулу;
87 килограммга чейин - Асан Жанышов;
97 килограммга чейин - Мелис Айтбеков;
113 килограммга чейин - Ким Роман.
Курама команданы башкы машыктыруучу Улукбек Карачолоков жетектейт. Улук машыктыруучу - Арсен Эралиев.
Азия чемпиондугунда 350гө жакын балбан катышып, жалпысынан 30 комплект медаль ойнотулат.