Биз социалдык тармакта

Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт (программа)

6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык аренада” спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.
Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.
Чемпиондуктун программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша бөлүштүрүлгөн:
  • 6-8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт;
  • 8-10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот;
  • 10-12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.
Кыргызстандын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан