Түркияда белгилүү адамдар катышкан баңгизат иши боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Тергөө маалыматтарына ылайык, Стамбул прокуратурасы жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында 27-март күнү Соттук-медициналык институтта бир катар шектүүлөрдөн кан жана чач үлгүлөрү алынган. Текшерүүдөн өткөн жети адамдын, анын ичинде модель Дидем Сойдан, Онур Талай, Исмаил Берхан Перинчекли, Мустафа Тари, Ферхат Айдын, Корай Серенли жана Озан Гюмюштан алынган анализдерде тыюу салынган заттар бар экени аныкталган.
Ал эми Керим Сабанджи, Гюзиде Дуран Акsoy жана Онур Бюкчюда баңгизаттын издери табылган эмес. Батуарай Оздемирдин жыйынтыгы да терс болуп чыккан. Бирок анын чачынан сертралин заты табылган. Бул зат медициналык антидепрессанттардын курамына кирет.
Эске салсак, буга чейин Стамбул прокуратурасы 25-март күнү 16 адамды жеке колдонуу үчүн баңгизатты сактоо же аны колдонууга көмөк көрсөтүү шеги менен кармоо боюнча ордер берген.
Ишке тиешеси бар адамдардын арасында белгилүү актриса Ханде Эрчел, анын мурдагы жигити Хакан Сабанджи, ошондой эле Фикрет Орман, Гюзиде Аксой (Гюзиде Дуран), Керим Сабанджи, Бурак Элмас, Сезгин Кёйсурен, Ферхат Айдын, Лютфие Тугче Озбудак, Корай Серенли, Онур Бюкчю, Исмаил Берхан Перинчекли, Каан Мелларт, Дидем Сойдан, Онур Талай жана Мустафа Тари бар.
Шектүүлөр суракка алынгандан кийин алардын айрымдары камакка алуу өтүнүчү менен сотко жөнөтүлгөн. Натыйжада сот Корай Серенли, Онур Талай, Сезгин Кёйсурен жана Мустафа Тарини камакка алуу чечимин чыгарды. Калган айрым шектүүлөргө өлкөдөн чыгууга тыюу салуу жана үй камагы сыяктуу чаралар колдонулду. Ал эми Онур Бююктопчу көрсөтмө бергенден кийин бошотулду.
Мурда маалымдалгандай, актриса Ханде Эрчелге карата кармоо ордери алдын ала берилген. Тергөө иштери жүрүп жаткан учурда ал өлкөдөн тышкары болгондуктан, Түркияга кайтып келген соң өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына барып, көрсөтмө берген.