
Чүй облусунда жер тилкелерин сатууга байланыштуу алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Шектүү 2024-жылы жаранга Ленин айылында жайгашкан 0,04 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин саткан. Ошол эле маалда анын документтерин кийин бүтүрүп берүүгө убада берип, аны аткарган эмес.
Мындан тышкары, шектүү 2022-жылы да Константиновка айылында жайгашкан турак үй курууга арналган 0,08 гектар жер тилкесин да тиешелүү документтери жок сатып, убадасын аткарбай жүргөн.
Мындан улам жаранга жалпы суммасы 29 000 доллар өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү 33 жаштагы И.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө учурунда анын Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун аймагында дагы ушуга окшош эки кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Тергөө уланууда.