Бишкектеги мечиттен бирөөнүн телефонун уурдаган жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга К.С. аттуу жаран январь айында арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз жаран мечиттен Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин жазган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 18 жаштагы С.А. аттуу жаран аныкталган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу аныкталууда.