Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектин Октябрь райондук милициясынын кызматкери кармалганын билдирди.
Атайын кызмат милициянын лейтенанты кызматтык абалынан пайдаланып, шектүүдөн жабырлануучу тарапка келтирилген материалдык чыгымды электрондук капчыгы аркылуу төлөп берүү шылтоосу менен 37 миң сом алып алганын белгиледи. Кылмыштын изин жашыруу үчүн ал акча каражаттарын өзүнүн таанышына котортуп, кийинчерээк андан бул сумманы өзүнүн жеке электрондук капчыгына которуп алган.
Учурда тиешелүү тергөө иштери уланууда.