Токмоктогу жолдун жээгинде белгисиз жаран эркек кишини сабап салды. Аталган окуянын видеосун күбөлөр социалдык тармактарга жарыялашты.
Андагы видеодон белгисиз адам жерге жатып калган кишини таяк менен ургулап жатканын көрүүгө болот. Окуя күндүз болгон. Ал эми видеого тарткан күбөлөр тиешелүү органдардын чара көрүүсүн жана окуяга катышкандардын ким экенин аныктоону суранышкан.
Учурда тийиштүү мекеме аталган окуя тууралуу маалымат бере элек .