Биз социалдык тармакта

Бишкекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына шектүү камакка алынды

Бишкек милициясы бүгүн, 3-апрель түнү 25 жаштагы жигиттин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча маалымат берди.

Маалымдалгандай, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) 3-бөлүгү (Этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун) менен кылмыш иши козголгон.

Жигитти сүзүп кеткен Lexus 460 үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаа айып короосуна токтотулганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан