Бишкекте 28 жаштагы жаран ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2023-жылдын 26-июлунда чала таанышын алдап кеткен. Шектүү Кытайга акча которуп берем деген шылтоо менен анын 150 миң долларын алып, бирок убадасына турган эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 28 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.