
Бишкекте алдамчылыкка шек саналып 38 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр 2-сентябрда жабырлануучунун ишенимине кирип, ага 3 электротележка жана 1 электролобзик жеткирип берүүнү убадалап, андан 185 миң сом алган. Товарды 3 айдын ичинде жеткирип берүүнү макулдашкан. Деген менен шектүү бүгүнкү күнгө чейин милдетин аткарган эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.