Кыргызстандык мушкер Омар Ливаза Стамбул шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирде коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мушкер Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан “Ahmet Cömert” атындагы эл аралык бокс боюнча турниринде коло байге ээси аталды.
Омар 65 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштады. Алгачкы эки беттешинде Грузия жана Түркиянын өкүлдөрүн жеңип, жарым финалга жолдомо алды.
Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык мушкер Казакстандын өкүлүнө жеңилип, жыйынтыгында үчүнчү орунду ээлеп, коло медалга татыды.