Социалдык тармактарды мониторинг жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери бир жаранга бир нече адам кол көтөргөн видео аныкташкан. Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тергөө учурунда белгилүү болгондой, ошол эле күнү саат 13:26 чамасында Токмок шаардык ооруканасынан билдирүү түшүп, Мээнеткеч айылынын 1983-жылы туулган тургуну Ж.Н. дене жаракаттары менен кайрылганы маалым болгон.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя Токмок шаарынын №3 кичи районунда болгон. Ж.Н. өзүнүн Volkswagen Passat унаасын токтотуп турган учурда 2001-жылы туулган Ж.М. BMW унаасы менен келип, туура эмес токтоп калган. Эскертүүгө жооп катары ал газды катуу басып, жол жээгиндеги таштарды чачыраткан.
Бул жагдай эки тараптын ортосунда чыр чыгарып, мушташка айланган. Ж.М. Ж.Н.ни таш менен уруп, ал кулап калгандан кийин да сокку урган. Натыйжада жабырлануучунун сол колунун чыканагы чыгып кеткен.
Кийин Ж.Н. туугандарын чакырып, окуяга 1996-жылы туулган А.А. жана 1988-жылы туулган Ж.С. аралашкан. Алар келгенде Ж.М. дубинка менен каршылык көрсөтүүгө аракет кылган, бирок Ж.С. аны тартып алып сокку урган. Ж.М. жерге кулаганда А.А. дагы бир нече жолу бетине урган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Окуяга катышкан бардык жарандар Токмок ШИИБине жеткирилген.
КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 1996-жылы туулган А.А. жана 1988-жылы туулган Ж.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланып жатканы кабарланды.