Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, 2-апрелде жаран арыз менен милицияга кайрылды. Анын айтымында, 2025-жылдын сентябрь айында башка бир жаран ишенимине кирип, андан 15 миң долларлык Toyota Camry автоунаасын сатып алган. Бирок унаанын акчасын толук төлөбөй, милдеттенмесин аткарган эмес.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция шектүү катары 1968-жылы туулган жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Учурда бул иш боюнча тергөө уланууда.