Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы "Сүрөтчүлөр үйү" боюнча чыккан маалыматтарды четке какты

Бишкек шаарынын мэриясы "Сүрөтчүлөр үйү" боюнча чыккан маалыматтарды четке какты. Айрым ЖМКлар мэрия бул долбоорду соттун чечиминен кийин чакыртып алды деп жазышкан, бирок мэрия муну туура эмес деп билдирди.

"Соттун аныктамасы 30-мартта тараптар катышпастан кабыл алынган жана ал учурда мэрия бул тууралуу билген эмес. Шаар мэри Айбек Жунушалиев долбоорду күн тартибинен алып салууну сунуштаганда да соттун чечими колуна тийген эмес. Бул чечим коомдук талкуу учурунда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алынган", - деп белгиленген маалыматта.

Муниципалитет "Сүрөтчүлөр үйү" имараты максатына ылайык эмес, коммерциялык багытта колдонулуп келгенин далилдөөнү көздөп жатат. Эгер Сүрөтчүлөр союзу бул маалыматтарды төгүндөбөсө, мэрия укук коргоо органдарына кайрылышы мүмкүн экенин да эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан