
Бүгүн, 4-апрелде Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти
Ненад Лалович баштаган расмий делегация Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстан күрөш федерациясынан билдиришти.
Конокторду федерациянын президенти Эркин Тентишев "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Эске салсак, 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык аренада” күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.
Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.
Чемпиондуктун программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша бөлүштүрүлгөн:
- 6-8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт;
- 8-10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот;
- 10-12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.
Кыргызстандын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.