Биз социалдык тармакта

Эртең Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча кайсы балбандар өлкө намысын коргойт?

Бишкек шаарында 6-12-апрелде өтө турган Азия чемпиондугунда эркин күрөштөн Кыргызстандын намысын 10 балбан коргойт.

Алар:
57 килограммга чейин — Абдымалик Карачов;
61 килограммга чейин — Бекзат Алмаз уулу;
65 килограммга чейин — Рустам Кахаров;
70 килограммга чейин — Эрназар Акматалиев;
74 килограммга чейин — Орозобек Токтоманбетов;
79 килограммга чейин — Адилет Маратбаев;
86 килограммга чейин — Малик Шаваев;
92 килограммга чейин — Яков Чаплин;
97 килограммга чейин — Каныбек Абдухаиров;
125 килограммга чейин — Арслан Турдубеков.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу — Азат Мирахимов. Ал эми улук машыктыруучусу — Доктурбек уулу Эламан, U-23 курама командасынын улук машыктыруучусу — Ильгиз Жакыпбеков.

Эске салсак, 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык аренада” спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.
Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.
Чемпиондуктун программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша бөлүштүрүлгөн:
  • 6-8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт;
  • 8-10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот;
  • 10-12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.
Кыргызстандын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан