Чек арада 1,1 миллион сомдук мыйзамсыз дары кармалды (видео)
Казак-кыргыз чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалып, анын ичинен жалпы суммасы 1,1 миллион сомдон ашкан ар түрдүү аталыштагы дары-дармектер салынган 25 куту табылган. Бирок бул товарларга тиешелүү коштомо документтер жок болуп чыккан.
Аталган факты боюнча салык кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүшүп, унааны айып короо жайына токтотушкан. Эсепке алынбаган товарлар конфискацияланып, иш материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Чек арада 1,1 миллион сомдук мыйзамсыз дары кармалды