Талас мамлекеттик университетинде “Каныкей” деген аталышта студент кыздардын жатаканасы ачылды. Бул демилге “Ыйык Ата Журт” Талас коомдук жаштар фондусу тарабынан көтөрүлүп, аталган фонд чыгымдардын бардыгын өз мойнуна алды. Сентябрь айында башталган оңдоп-түзөө иштери 10-декабрда аяктап, студенттерге эшигин ачты. Бул салтанатка КРнын Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева да келип катышып, студенттерге окуудагы ийгиликтерди каалады.