Жол эрежесин одоно бузган айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Аламүдүн районунун Ала-Арча–Бишкек унаа жолунда Тойота RAV-4 унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин одоно бузган видео интернет булактарына тараган.
Унаа айып короо жайынан орун алган.