Биз социалдык тармакта

Мыйзамсыз ташылган 12 миллион сомдук товарлар аныкталды (видео)

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөнүн аймагына ири көлөмдө мыйзамсыз түрдө дары-дармектерди жана эл керектөөчү ар кандай товарларды алып кирүү аракетин токтотушту.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда тиешелүү коштомо документтери жок медициналык препараттар жана буюмдар, ошондой эле ар кандай азык-түлүк товарлары аныкталды.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 12 миллион сомдон ашат. Учурда аталган факт боюнча материалдар эсепке алынбаган товарларды конфискациялоо маселесин кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлдү.
Мыйзамсыз ташылган 12 миллион сомдук товарлар аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан