Чүй облусунун Кара-Балта шаарында кызды унаасынын капотуна жаткызып алып унаа айдаган айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга 45 миң сомго айып пул салынды.
Буга чейин аталган шаарда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын автоээнбаштык кылган видеосу интернет желесине тараган.