Биз социалдык тармакта

Азия чемпиондугу: Бүгүн беш кыргыз балбаны килемге чыгат

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алат. Мелдешке жалпы 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.

Жарыштын биринчи күнү грек-рим күрөшүнөн төмөнкү кыргыз балбандары килемге чыгышат:
  • 55 килограммга чейин - Улан Муратбек уулу;
  • 63 килограммга чейин - Автандил Таалайбеков;
  • 77 килограммга чейин - Акжол Махмудов;
  • 87 килограммга чейин - Асан Жанышов;
  • 130 килограммга чейин - Роман Ким.
Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат.
Эске салсак, 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы “Жаштык аренада” спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан