Шоумен, ырчы, тамада Кубаныч Баркалбасов кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык тармактагы баракчасында сүйүнчүлөдү.
Айтымында, жубайы 4-апрелде Бишкектеги төрөтканалардын биринде көз жарган.
Анда ырчы келинчегине ыраазычылык билдирип, "Кош келдиң, кызым! Кырк жылкылуу болуп, кубанычымда чек жок",- деп жазган.
Айта кетсек, Кубаныч Баркалбасов келинчеги экөө буга чейин эки уулду тарбиялап келишкен.