Бишкекте баңгизат колдонуп алып унаа айдоого шектелип 35 жаштагы балбан кармалды. Бул тууралуу милициянын борбор калаанын милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 3-апрелде болжол менен саат 16:15 чамасында Бөкөнбаев жана Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилишинен Li үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Айдоочу жол тескөөчүлөргө баш ийбей, аларды орой сөздөр менен сөккөн. Ал Республикалык психиатрия жана наркология борборуна медициналык кароого жөнөтүлүп, жыйынтыгында баңгизат колдонгону аныкталган.
Факт боюнча Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен убактылуу кармоочу жайга 3 суткага камакка алынган. Ошондой эле ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын жашаган жери тинтүүгө алынып, гашиш табылган.
Шаардык милиция шектүү грек-рим күрөшүнүн балбаны, Азия чемпиондуктарынын бир нече жолку байге ээси жана Олимпиада оюндарынын катышуучусу экенин маалымдады.