Иран жана аймактык ортомчулар тобу 45 күндүк ок атышпоонун шарттарын талкуулап жатышат. Бул тууралуу Axios басылмасы ишенимдүү булактарына таянып жазды.
Анда маалым болгондой, сүйлөшүүлөр Пакистан, Египет жана Түркиянын ортомчулугу менен өтүүдө. Ошондой эле АКШ тараптан Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи аралыктан катышып жатканы айтылууда.
Америкалык аткаминер басылмага билдиргендей, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы акыркы күндөрү Тегеранга бир нече сунуштарды жөнөткөн, бирок Иран тарап азырынча аларды кабыл ала элек.
Булактардын айтымында, тараптар эки этаптуу келишимдин шарттарын талкуулап жатышат. Биринчи этапта 45 күндүк ок атышпоо шарттары. Сүйлөшүүлөргө көбүрөөк убакыт керек болсо, ок атышпоо мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Ал эми экинчи этапта конфликтти биротоло токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү болушу ыктымал.
Ортомчулар Ормуз кысыгын толук ачуу жана байытылган уран маселесин чечүү акыркы макулдашуу аркылуу гана ишке ашат деп эсептешет.