Баткен облусунда алимент төлөөдөн баш тарткан жаран 2 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу 6-апрелде Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Д.С.К. аттуу жарандын 2022-жылдын 8-декабрынан 2026-жылдын 1-январына чейинки алименттик карызы 425 801 сомду түзгөнү аныкталган.
Алимент төлөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу Д.С.К. аттуу жаран сот залынан камакка алынып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган.