Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунун 1/4 финалында Акжол Махмудов казакстандык Кахраман Киссыметовду 9:1 эсебинде жеңди.
Буга чейин ал 1/8 финалда япониялык Исами Хорикитаны 7:3 эсебинде утуп алган. Эми 77 килограммдагы Махмудов жарым финалда күрөшөт.