Бишкектин "Ош базарынан" "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 38 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал экстремисттик уюмдун Кара-Көл шаарындагы радикалдык тобунун жетекчиси болгон. Шектүү өз тарапташтарын өлкө аймагында халифат түзүүгө чакырган. Аны колго түшүрүү боюнча Жалал-Абад шаардык соту чечим чыгарган.
Тергөөдө ал "мушриф" макамына ээ экенин моюнуна алган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.