Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кысым көрсөтүүгө айыпталып жаткан кызматкери иштен убактылуу четтетилгенин кабарлады.
Маалыматта буга УКМКнын кызматкери үй-бүлөсүнө басым көрсөтүп жатканын айтып, президентке даттанган жарандын кайрылуусу себеп болгону айтылат.
Атайын кызмат бул боюнча текшерүү жүргүзүлүп, иш Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин белгиледи.