Нарын шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аталган облус боюнча башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 7-апрель күнү издөө иштери саат 07:00 башталган. Ага 90 куткаруучу 1 кайык, 1 дрон тартылган.