Баткендин Кадамжай районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 68 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде Шывран айылындагы Аркалык жайлоосуна 5 жаран эс алууга чыгып, алардын бирөөсү дайынсыз жоголгон. Издөө иштери жүргүзүлүп, 6-апрель күнү анын денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.