
Сүлүктү шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну сүлүктүлүктөрдөн көмүр алып келип берүү шылтоосу менен 5 миллион 700 миң сом алган. Бирок убадасын аткарбай кеткен.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.