Ысык-Көл райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин 59 жаштагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Ал кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнө турган мамлекеттик алымдарды банктык төлөм аркылуу жүгүзбөстөн, накталай алып турган. Натыйжада ал белгиленген суммадан кыйла жогору көтөрүп, ашкан акчага өзү ээлик кылып келген. Мыйзамсыз алынган каражаттардын суммасы 1000 сомдон 20 миң сомго чейин өзгөрүп турган.