Биз социалдык тармакта

Раззак Бейшекеев Азия чемпиондугунун финалына чыкты

Бүгүн, 7-апрелде Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым финалда ирандык балбан Мохсен Неджад менен беттешти.

Кармашта Бейшекеев толук үстөмдүк кылып, атаандашын 9:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Эми кыргызстандык балбан алтын медаль үчүн чечүүчү беттешке чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан