Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль утту. Бул тууралуу UWW расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, финалда Махмудовдун атаандашы ирандык Али Забихолла Оску болду. Махмудов мелдешти 3:3 эсебинде жыйынтыктады.
Бул жеңиш Акжол Махмудовдун Азиядагы лидерлигин тастыктап, Кыргызстандын күрөш спортундагы жетишкендиктерин дагы бир жолу көрсөттү.