Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Афтандил Таалайбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 63 килограмм салмак ченинде 1-орунду камсыз кылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу чемпиондукка карай жолун 7-апрелде чейрек финалдан баштап, алгач Жапониянын спортчусун утту, андан соң жарым финалда Түркмөнстандын өкүлүн жеңди.
7-апрелде финалда Ирандын балбаны менен беттешип, кармаштын башынан тартып демилгени колго алып, мелдешти 7:2 эсебинде ийгилик менен аяктады.
Бул жеңиш менен Афтандил Таалайбек уулу Кыргызстандын курама командасына алгачкы алтын медалды алып келди жана Азия чемпиону аталды.