Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу уланууда. Бул мелдеште Кыргызстандын курама командасынын өкүлү Асан Жанышов ишенимдүү жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдештин жүрүшүндө жогорку даярдыгын көрсөттү. Алгачкы беттешинде Түркмөнстандын өкүлү Довлетмурат Байрамов менен күрөшүп, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда “туше” ыкмасы менен жеңишке жетти.
Жарым финалда кыргызстандык балбан Казакстандын спортчусу Нурсултан Турсынов менен беттешип, 8:0 эсебинде жеңди.
Ал эми алтын медаль үчүн финалдык кармашта Ирандын өкүлү Холамреза Фарохисенджани менен күч сынашып, 11:4 эсебинде утту.
Жыйынтыгында Асан Жанышов Азия чемпиондугунун алтын медалын жеңип, Азия чемпиону деген наамга ээ болду.