Жаш балдардын интимдик сүрөттөрүн жайылтууга шектүүлөр эркинен ажыратылышты
Бишкек шаарында жашы жете элек балдарды сатуу жана мыйзамсыз түрдө өлкөдөн алып чыгуу боюнча резонанстуу иш каралып, сот өкүмү чыгарылды.
Маалым болгондой, 12-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапты. Соттун чечими менен казакстандык аял 12 жылга, ал эми Кыргызстандын жараны болгон эркек киши ар бири 11 жылдан эркинен ажыратылды. Мындан тышкары, алардын мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим кабыл алынды. Алар 2024-жылдын сентябрь айында кармалышкан.
Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, алар Кыргызстандын бир жаранынын үч жашы жете элек баласын алып, аларга карата адеп-ахлакка жат жана мыйзамсыз аракеттерди жасашкан. Атап айтканда, шектүүлөр балдарды жылаңачтандырып, жосунсуз иштерге барышкан. Ошондой эле бул аракеттерди сүрөткө тартып, социалдык мессенжерлер аркылуу Кыргызстандан тышкары үчүнчү жактарга жөнөтүп турушкан.