АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу аркылуу эки тараптуу эки жумалык ок атышпоого келишим түзүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Бул арада америкалык лидер Дональд Трамп Вашингтон Иранга каршы аскердик аракеттерди убактылуу токтотууга даяр экенин социалдык тармактар аркылуу билдирди. Анын айтымында, мындай чечим Пакистандын премьер-министри жана кургактагы аскерлеринин жетекчиси менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган.
Трамп белгилегендей, Пакистан тарап АКШны Иранга карата күч колдонбоого чакырып, мунун ордуна Иран Ормуз кысыгын толук, коопсуз жана дароо ачууга макул болушу керектигин айткан. Ушул шартта АКШ эки жумага бомбалоолорду жана чабуулдарды токтотууга макул болду.
АКШ президенти ошондой эле Вашингтон өзүнүн аскердик максаттарын “ашыгы менен аткарганын” жана Жакынкы Чыгыштагы узак мөөнөттүү тынчтыкка жетүү боюнча олуттуу жылыш болгонун билдирди. Анын сөзүнө караганда, Тегеран сунуштаган 10 пункттан турган документ сүйлөшүүлөр үчүн негиз боло алат.
Өз кезегинде Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши бул кырдаалды өзүнүн жеңиши катары баалап, АКШ Тегерандын сунуштарын кабыл алганын билдирди. Иран тарап АКШ санкцияларды жеңилдетүүгө, Ормуз кысыгындагы көзөмөлдү сактоого жана аймактагы аскерлерин чыгарууга макул болгонун маалымдады.
Сүйлөшүүлөр 10-апрелде Исламабад шаарында өтөрү күтүлүүдө. Эки тарап тең эки жума ичинде тынчтык келишимин акыркы ирет макулдашууга ниеттенүүдө.