АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык келишиминин шарттарын иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр 10-апрелде Пакистандын борбору Исламабадда өтөт.
Бул тууралуу 8-апрелде эл аралык басылмалар Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифке таянып жазышты.
"Мен эки өлкөнүн жетекчилигине терең ыраазычылыгымды билдирем жана алардын делегацияларын 10-апрелде Исламабадга бардык талаш-тартыштарды чечүү боюнча акыркы макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө чакырам",- деп жазган Шариф.
Ал эки тарап тең сүйлөшүүлөрдө конструктивдүүлүктү көрсөткөнүн баса белгиледи.
"Биз Исламабаддагы сүйлөшүүлөр туруктуу тынчтыкка алып келерине үмүттөнөбүз жана жакынкы күндөрү дагы жакшы жаңылыктарды бөлүшкүбүз келет",- деген ал.
Буга чейин АКШ менен Иран Пакистан ортомчулугу аркылуу эки тараптуу эки жумалык ок атышпоого келишим түзүшкөнү маалымдалган.