Түштүк-батыш бажысынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан алкоголдук продукцияны кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
20-январда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Орто-Боз айылында Түштүк-батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан Даймлер Крайслер үлгүсүндөгү жүк унаасы кармалган.
Жүк ташуучу унаада 25 030 бөтөлкө спирт ичимдиги табылды. Ошондой эле шектүү акциздик марка менен арактын 20100 бөтөлкөсү алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.