Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарындагы "Жаштык арена" комплексинде өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Арууке Кадырбек кызы биринчи айлампада жеңилүү ызасын тартып калды.
Кыздар 55 килограмм салмакка чейинки ченде күч сынашып, кытайылк Ли Ю кыргыз балбанын 11:0 эсебинде жеңип алды.
Эскерте кетсек, бүгүн өлкөнүн атынан төрт балбан кыз килемге чыгат. Кыргызстандын капчыгында азырынча грек-рим күрөшүнөн 3 алтын бар.