Биз социалдык тармакта

Баш прокурор былтыр канча объект мамлекетке алынганын айтты

Былтыр 72 социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал кайтарылган мүлктөрдүн жалпы суммасы 4 миллиард 55 миллион 41 миң сомду түзөрүн белгиледи.

"Анын ичинде бала бакчалар, ооруканалардын имараттары, жер тилкелери бар. Ошондой эле билим берүү жана спорттук мекемелердин имараттары бар. Бул жаатта бизде жумуш жеткиликтүү деңгээлде жүрүп жатат",- деди Асаналиев.

Баш прокурор өткөн жылы мамлекетке жалпы 1356 гектар жер тилкелери өткөрүлгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан