Биз социалдык тармакта

"Евразия" уюму 2 жылдык жыйынтыгын чыгарды жана жаңы сыйлыкка катышуу кампаниясын баштады 

"Евразия" коммерциялык эмес уюумунун акыркы эки жылда дүйнөнүн 40ка жакын өлкөсүнөн 120 миңден ашык катышуучуну бириктирген долбоорлорду жүзөгө ашырды. Бул тууралуу РИА Новости маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында маалымдалып, ошондой эле 2026-жылдагы эл аралык "Евразия" сыйлыгына жаңы катышуу кампаниясы башталганын жарыялашты.

Акыркы эки жыл ичинде уюм негизги багыттар боюнча системдүү иштерди жүргүздү. Алар орус тилин өнүктүрүү, билим берүү программалары, гуманитардык жардам, социалдык демилгелер жана маданий долбоорлор. Мындан тышкары, жашоо сапатын жакшыртуу жана заманбап социалдык чөйрөнү түзүүгө багытталган ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Долбоорлор жеке каражаттар эсебинен жүзөгө ашырылып, туруктуу эл аралык кызматташтыкты калыптандырууну максат кылат.

Мамлекетттик Думанын депутаты жана "Евразия" уюмунун төрайымы Алёна Аршинова белгилегендей, бул комплексдүү жана системалуу иш.

"Биз башынан эле Евразия өлкөлөрүнөн келген адамдардын өз ара байланышын, тажрыйба алмашуусун жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруусун камсыз кылган чөйрөнү түзүүнү максат кылганбыз. ушундай горизонталдык байланыштар туруктуу кызматташтыктын негизи болуп саналат", - деди Аршинова.

Андан тышкары, орус тилин өнүктүрүү жана бирдиктүү билим берүү чөйрөсүн түзүү маанилүү багыт болуп калды. Бул иштин алкагында евразиялык орус тилин колдоо ассоциациясы түзүлүп, Бишкекте евразиялык Орус тили жана маданият борбору ачылды. Бул борбордо мугалимдер жана жаштар үчүн эл аралык билим берүү программалары жана долбоорлор ишке ашырылат.

"Евразия" коммерциялык эмес уюуму гуманитардык жардамга да өзгөчө көңүл буруп келет. Арменияда өнөктөштөр менен бирге Тоолуу Карабахтан көчүүгө мажбур болгон 9 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү. Уюмдун кеңешинин Армениядагы мүчөсү Мики Бадалян белгилегендей, бул демилгелердин айланасында активдүү коомчулук калыптанууда.

"Арменияда ыктыярчылар, студенттер, активисттер бул ишке кошулууда. Бул туруктуу байланыштарды түзүп, жардамга муктаж адамдарга узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүүгө көмөктөшөт", - деди ал.

Тарыхый мурас сактоого да өзгөчө көңүл бурулууда. Эл аралык патриоттук "Жеңиш 9/4" кыймылынын алкагында эстеликтерди калыбына келтирүү, эскерүү акцияларын өткөрүү жана жаштарды тарыхый мурас менен иштөөгө тартуу долбоорлору жүзөгө ашырылууда.

"Евразия" коммерциялык эмес уюумунун долбоорлору башка өлкөлөрдө да активдүү өнүгүүдө. Өзбекстанда активдүү жаштардын коомчулугу түзүлүп, социалдык жана билим берүү демилгелерине тартылууда. "Евразия" кеңешинин мүчөсү, Ташкенттеги Г. В. Плеханов атындагы Орусия экономикалык университетинин филиалынын доценти Равшан Назаров белгилегендей, жаштардын коомдук иштерге катышууга жогорку суроо-талап бар. Бул долбоорлор аркылуу активдүү жана жоопкерчиликтүү чөйрө калыптанып, жаштар өзгөртүүлөрдүн демилгечилери жана жалпы евразиялык мейкиндиктин бир бөлүгү болууда.

Маалымат жыйында 2026-жылдагы эл аралык "Евразия" сыйлыгына катышуу кампаниясынын башталышы да жарыяланды. Катышуучуларды каттоо premiyaevrazia.su расмий сайты аркылуу ачылды.

2025-жылы сыйлыктын жеңүүчүлөрү катары 27 өлкөдөн 3700дөн ашык адам тандалып, алардын артына 1 миллион добуш берилди. Мындан тышкары, Москвага сыйлык тапшыруу аземине 1000ден ашык конок катышкан. 2026-жылы сыйлыкка багытталган долбоорлор практикалык өнүктүрүүгө көбүрөөк багытталат. Шорт-листке өткөн талапкерлер Москванын борборунда өз демилгелерин коргоп чыгышат. Ошондой эле ментордук колдоо менен окутуучу программа башталат.

"Евразия" коммерциялык эмес уюуму Орусиянын эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиги менен биргеликте өнөктөш катары ишке ашырган эл аралык "Евразия" сыйлыгы чоң популярдуулукка ээ. Сыйлык аркылуу демилгечил адамдарга колдоо көрсөтүлүп, Евразия мейкиндигиндеги долбоорлорду өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт.

2026-жылы 40тан ашык өлкөдөн катышуучулар кошулушу күтүлүүдө, жалпы арыздардын саны 5 миңден ашышы мүмкүн. Сыйлык 10 наамды камтыйт. Таңдоо натыйжасында 100 финалист белгиленет. Бул иште 150дөн ашык эксперт жана 50дөн ашык калыс мүчөлөрү катышып, сыйлык тапшыруу аземине 1000ден ашык конок чакырылат.

Алёна Аршинованын белгилешинче, сыйлык долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана эл аралык кызматташтык үчүн маанилүү инструментке айланууда.

“Евразия” сыйлыгы — бул жөн эле конкурс эмес, өсүү, тажрыйба алмашуу жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн аянтча. Биз демилгелердин өнүгүшүнө жана жаңы деңгээлге чыгуусуна шарт түзүп жатабыз", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан