Радикалдык уюмдардын чет өлкөлүк 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар радикалдуу диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү болушкан жана өз өлкөлөрүндө террористтик кылмыштар үчүн издөөдө жүрүшкөн. Шектүүлөр Кыргызстан аймагында жаштарды өз катарына тартууну пландашкан. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилишти.