Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев жаңы айдоочулук күбөлүк эл аралык талаптарга жооп берерин билдирди.
Анын айтымында, башка мамлекеттерге жаңы күбөлүктүн үлгүлөрү өз убагында жөнөтүлгөн. Вена конвециясынын талаптарына толук түрдө жооп берет.
"Маселе жаралбашы керек. Бул маселени мындан ары көтөрбөй эле жаап койсок болот",- деди Маматалиев.
Айта кетсек, социалдык тармактарда жаңы айдоочулук күбөлүктү Европа өлкөлөрү тааныбай жатышканы тууралуу маалыматтар айтылып келет.