Мээрим Жуманазарова Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун финалына чыкты.
Анын кытайлык аттаандашы менен болгон беттеши 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, бирок акыркы упайды Мээрим алгандыктан утуштун ээси болду. Балбан кыздар 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашышты. Жуманазарова буга чейин вьетнамдык аттаандашын 10:0 эсебинде уткан болчу.